Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/04 15:37
 

Т. Келдибаев: Казынаны толтурушту башка булактардан издеш керек

Ош, 3-апрель /Асанбек Каракозуев-Кабар/. Учурда КРнын Экономика жана монополияга каршы саясат министирлиги 2 тоннага чейинки киргизилген унга дагы Бажы төлөмүн киргизүү керектигин сунуштап жатат. Бул сунушка «Кыргыз Ата» саясий партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев каршы экендигин билдирүүдө.
 «Өлкөгө сырттан ташылып келген ун азыктарынын 2 тоннага чейини бажы төлөмүнөн бошотулган. Эми ага министирлик бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштап жатат. Ага себеп четтен ун азыктары көп ташылып келгендиктен Кыргызстандын 100дөй ун комбинаттары ага туруштук бербей жатат. Эгерде бажы төлөмүн киргизсек ун комбинаттар иштеп казынага бир топ салык түшөрүн жана жумушчу орундар түзүлөөрүн айтып түшүндүрүшүүдө»,-дейт Т.Келдибаев.

Анын айтымында, эгерде министирликтин сунушу Кыргыз Өкмөтүнөн жана Парламенттен колдоо тапса, ун азыктарына болгон бааны турукташтырууга Кыргыз Өкмөтүнүн күчү жетпей калат жана унга болгон баа кескин жогорулайт. Биз унга эле эмес кылкандуу дан азыктарына да Казакстанга көз карандыбыз. Мындайча айтканда 100 дөй ун комбинаттын кубаттуулугуна ылайык келгидей жана аларды кылкандуу дан менен камсыз кылганга Кыргызстанда мүмкүнчүлүк жок. 
 Ал кошумчалагандай, Ата Мекендик ун комбинаттарды колдошубуз керек ал үчүн өлкөбүз жетиштүү деңгэлде дан азык менен камсыз болгондо жана айдап себилгенде өлкөнүн дыйкан фермерлери тарабынан өндүрүлгөн дан, азык түлүк камсыздоо араң 40% жетип турса, министирликтин сунушун колдоо азыркы убакта эртелик кылат. Кыргызстандын эли 5 миллон болсо, ага канча тонна ун, жашылча жана башка керектелерин тактап ошого жараша гана өндүрүшүбүз керек.

«Айыл чарбасын көтөрүүнүн бирден бир жолу «Агропромдорду» уюштуруп Кыргызстан анын ичинде облус, район, айыл элинин санына жараша азык-түлүк керектөөсүн аныктап, ошого жараша өндүрүп, ашыкча өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын өндүрсө аны ким сатып алат канча сомдон же кайсыл өлкөгө экспорттолот такташыбыз керек»,-дейт Т.Келдибаев.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу