Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
02/02 13:40
 

Нурадил Жумабаев: Жайыл районунун акимин шайлоодо эч кандай мыйзам бузуу болгон жок

Нурадил Жумабаев: Жайыл районунун акимин шайлоодо эч кандай мыйзам бузуу болгон жок

Бишкек, 2-февраль /Жолдош Жусупов - Кабар/. Жайыл районунун акимин шайлоодо эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Акимдикке талапкерлер депутаттарды сатып алды деген сөздөр жалган. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жайыл райондук кеңешинин төрагасы Нурадил Жумабаев билдирди. 

“Таалайбек Субанбековдун талапкерлигин мыйзамга ылайык премьер-министр Өмүрбек Бабанов көрсөтүп, райондук кеңештин депутаттарына Чүй облусунун губернатору Айбек Асранкулов тааныштырган. Ал экөнүн туугандык жайы бар дегенге кошулбайм”,-дейт төрага. 

Анын айтымында, аким шайлоодо 17 депутаттын добушу сатылып алынган деген айыптоолор боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүшү керек. “Эгер бул кине далилденсе, айыптуудар жоопко тартылышы керек. Бирок бул жагдайда курулай жалаа жабуу болбосун үчүн тергөө органдарынын тыянагы керек”,-дейт Нурадил Жумабаев.  

Эскерте кетсек, 28-январда Жайыл райондук кеңешинин депутаттары аймактын акимин шайлашкан. Анда 17 добуш алган Таалайбек Субанбеков жеңип чыккан. Калган депутаттар Таалайбек Субанбеков губернатор Айбек Асранкуловдун тууганы, ага добуш берген депутаттардын добуштарын сатып алды деген айыптарды коюшууда.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу