Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/12 17:31
 

Жалал-Абадда өткөн тегерек столдо облустун аймагында жаштар саясатын ишке ашыруу маселеси талкууланды

Жалал-Абад, 22-декабрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда КР Жаштар иштери боюнча министрлигинин облустук бөлүмүнүн демилгеси менен шаардагы жаштар борборунда «Жалал-Абад областынын аймагында жаштар саясатынын ишке ашуусу» аттуу тегерек стол уюштурулду. Бул туурасында облустук аймактык бөлүмдүн башкы адиси Майрамбек Адылбеков билдирди. Анын айтымында, аталган иш-чарага Аксы,
Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунан жана Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларынын жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, жаш активисттер катышты.
«Тегерек столдун негизги максаты– облустун аймагындагы жаштар саясатынын абалын, жер – жерлерде ишке ашуусун жана аймактагы жаштар көйгөйлөрүн талкуулоо болуп эсептелет. Ошону менен бирге эле иш–чаранын жүрүшүндө КР Жаштар иштери боюнча министрлигинин облустук бөлүмүнүн бир жылда аткарган иш чараларынын маалыматы угулду»-дейт М.Адылбеков.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу