Cаясат

Июль 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/01 09:37
 

Өзбекстан Кыргызстан менен чек ара тууралуу келишимге кол коюу процессин тездетүү ниетинде

Ташкент, 20-январь /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Өзбекстан Кыргызстан менен мамлекеттик чек аранын макулдашылбаган бөлүктөрүн укуктук түзүү процессин жана чек ара тууралуу келишимге кол коюну тездетүү ниетинде. Бул тууралуу Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин 2017-2021-жылдарга өлкөнү мындан ары өнүктүрүү боюнча стратегиялык аракеттер тууралуу жарлыгынын долбоорунда айтылат.

Документке ылайык коңшу төрт өлкө менен мамлекеттик чек аранын делимитация жана демаркация боюнча иштерин активдештирүү, андан тышкары жылдын биринчи кварталында мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча планын иштеп чыгуу пландалууда.

Казакстан менен чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу, Тажикстан жана Түркмөнстан менен чек аранын макулдашылбаган бөлүктөрүн укуктук түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо белгиленген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу