Cаясат

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 17:33
 

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-январда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча комплекстин жетекчиси Адхам Икрамовду кабыл алды. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча позицияларды тактоо жагында биргелешкен иштери тууралуу маалымат берилди. Бул ишти ылдамдатуу боюнча макулдашууга Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген болучу.
Жолугушууда мындан тышкары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын өз ара аракеттенүүсүнүн эң приоритеттүү чөйрөлөрүндөгү маанилүү маселелер да талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы достук жана жакшы коӊшулук мамилелерди бекемдөө чараларын ар тараптуу колдоо жанданганын канааттануу менен белгиледи.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу