Cаясат

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
18/01 11:00
 

Алмазбек Баатырбеков: “Кыргызстан менен Франциянын экономикалык кызматташусун жандандыруу зарылдыгына”

 Алмазбек Баатырбеков: “Кыргызстан менен Франциянын экономикалык кызматташусун жандандыруу зарылдыгына”

Бишкек, 18-январь /Кабар/. “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Фракция лидери А.Баатырбеков өлкөдө жакында эле болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөрүлгөн референдум тууралуу учкай маалымат берди. Ошону менен катар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, маданий чөйрөлөрдөгү эки жактуу мамилелерди өркүндөтүү жөнүндө да сөз кылышты.
А.Баатырбеков Кыргызстан менен Франциянын экономикалык кызматташусун жандандыруу зарылдыгына билдирди. Ал Франциянын өнүккөн айыл чарбасындагы дүйнөгө белгилүү француз жүзүмчүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстанда дагы бул тармактын чоң потенциалы бар экендигин ортого салды. Фракция лидери эгер француз ишкерлери үчүн кызык болсо өлкөдө чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн, ишкерлик үчүн айыл чарба жаатындагы бир катар салыктын түрлөрү бошотулгандыгын тизмектеди.

Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру фракция лидеринин алгылыктуу сунуштарын эске аларын жана бул багытта эки өлкө ортосундагы кызматташууну жандандырууга аракет көрөрүн билдирди. Мындан сырткары, элчи парламентте дегеле, өлкөнүн коомдук турмушундагы саясый партиялардын орду, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кызыккан суроолоруна жооп алды.Ошондой эле 16-январда “Манас” эл аралык аэропортунун жанындагы аймакта адам өмүрүн алган жүк ташуучу учактын кыйрашына байланыштуу кайрат айтты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу