Cаясат

Ноябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
16/01 15:00
 

Ош шаарында кыргыз-өзбек чек ара маселелери талкуулануда

Ош шаарында кыргыз-өзбек чек ара маселелери талкуулануда

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 16-январда Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланууда.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү жана коңшулук мамилени бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле мамлекеттик чек арадагы тактоого муктаж болгон аймактардагы делимитация жана демаркация маселелерин бирдиктүү иш аракеттердин натыйжасында тезирээк чечилишинин маанилүүлүгүнө да токтолду.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстанга жасаган жумуш сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосундагы жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча өтүүдө.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр эртең, 17-январда улантылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу