12.01.2017, 10:33

Бишкек менен Ташкент кызматташтыкты кеңейтүү ниетинде

Ташкент, 12-январь /Кабар/. Өзбекстандагы Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков жакында Ташкент шаарынын хокими (администрация башчысы) Рахмонбек Усманов менен жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандагы Кыргызстандын элчилигинен билдирди.

Жолугушууда маектештер эки мамлекеттин башкалааларынын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, биргелешкен ишканаларды түзүү, турак-жай коммуналдык жана транспорттук жана башка тармактарда тажрыйба алмашуу үчүн бизнес-форумдарды, тегерек үстөлдөрдү өткөрүү маселелери каралды.

Ошондой эле, жакынкы келечекте эки мамлекеттин башкалааларынын маданий күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды.