Cаясат

Май 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
11/01 15:08
 

Кыргызстандын элчиси менен Түркия Президентинин башкы кеңешчиси эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстандын элчиси менен Түркия Президентинин башкы кеңешчиси эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде КРнын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов менен Түркия Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчунун жолугушуусу болду. Жолугушууга Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Метин Гюндоглу дагы катышты.

КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Ялчын Топчу жана Метин Гюндоглу ишмердүүлүгүнө түздөн-түз катышкан “Улуттук идея” маданий-билим берүүчү асооциациясынын максаты жана ишмердүүлүгү, андан тышкары ассоциация тарабынан аткарылып жаткан гуманитардык долбоорлор, анын ичинде үстүбүздөгү жылы жазында Кыргызстанда Түрк киносунун жумалыгын өткөрүү пландары тууралуу маалымат беришти.

Тараптар Түркиядагы азыркы абалды, андан тышкары кызматташуунун ар түрдүү чөйрөсүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди активдештирүүнү талкуулашты.

Жагымдуу маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тыкыз кызматташтыкты колдоонун зарылдыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу