11.01.2017, 11:40

Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды

Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды

Бишкек, 11- январь /Кабар/. Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды.

Добуш берүү процессинен кийин добуштар эсептелип чыкты. Мында бюллетендер – Албек Ибраимов үчүн “макул”, Нурдин Абдылдаев үчүн “макул”, бардыгына тең каршы бюллетендер жана жарактан чыккан бюллетендер деп 4 категорияга бөлүндү.

Эсептөөнүн жыйынтыгында А.Ибраимов 29 добуш алды. Нурдин Абдылдаевге 12 депутат добуш берди.

Жарактан чыккан бюллетендер болгон жок. Экөө бардыгына тең каршы добуш берди.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын айтымында, бардык бюллетендер жарактуу деп табылды.