Cаясат

Январь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
06/01 22:05
 

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту

Бишкек, 6-январь /Кабар/.  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-январда Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери, ар кайсы чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлордун аткарылышы жана бардык багыттар боюнча өз ара аракетти мындан ары арттыруу жолдору талкууланды. Мамлекет башчылары эл аралык жана региондук күн тартибинин ар түркүн маселелери боюнча пикир алмашты.

«Сизди Кытайда көргөнүмө кубанычтамын, биз былтыр бир канча жолу кездешкенбиз, ал сүйлөшүүлөрдө бир катар келишимдер түзүлгөн. Алардын баары акырындык менен ийгиликтүү ишке ашып жатканын мен канааттануу менен белгилейм», - деди Си Цзиньпин.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин кечээ эки өлкө Кыргызстан менен Кытай ортосундагы дипломаттык байланыштардын түзүлгөнүнүн 25 жылдыгын белгилешкенин билдирди. Бул аралыкта эки өлкө саясий диалогду жана соода-экономикалык кызматташтыкты жолго салышты, маданий-гуманитардык чөйрөдө байланыштарды чыӊдай алышты. Мындай өз ара аракетти улантуу маанилүү.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев меймандостугу жана жылуу кабыл алганы үчүн Кытай тарапка ыраазылык жолдоду. «Кыргыз-кытай кызматташтыгынын маанилүү маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын», - деген Президент, бүгүнкү күн Кыргызстан менен Кытай ортосундагы дипломаттык байланыштардын юбилейине туш келгени өзгөчө белги экенине токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, өлкөлөр арасында активдүү саясий диалог жолго салынып, экономикада, маданий-гуманитардык багытта жана коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтык өнүгүү үстүндө. «Биз ар кайсы эл аралык уюмдар алкагында ийгиликтүү кызматташып жатабыз», - деди ал.

«Биздин эки тараптуу мамилелер стратегиялык кызматташтык деӊгээлине чыгарылды, бул биздин өз ара алака-катыштардын бийик деӊгээлин көргөзөт», - деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев жана Си Цзиньпин стратегиялык өнөктөштүк мамилелер орногондон кийин эки тараптуу кызматташтыкта чоӊ ийгиликтер болгонун белгилешти. Эки мамлекеттин лидерлеринин ою боюнча, кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары өнүктүрүү эки өлкө элдеринин түпкү таламдарына туура келет, региондогу туруктуулук менен өнүгүүгө ыӊгайлуу шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу