05.01.2017, 22:58

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга учуп келди

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга учуп келди

 Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 5-январда жумушчу сапар менен Кытай Эл Республикасына учуп келди, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин олуттуу маселелерин, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири тармагы боюнча өз ара аракеттешүүнүн болочок пландарын талкуулашат, ошондой эле эки тараптын кызыкчылыктарына тийешеси бар эл аралык жана регионалдык маанидеги маселелер боюнча пикир алмашышат.