Cаясат

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
05/01 15:17
 

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжан Дэцзянга куттуктоо жөнөттү

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжан Дэцзянга куттуктоо жөнөттү

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжан Дэцзянга куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо катта мындай деп айтылат:
«Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгон мезгилде Кытай эӊ биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган жана элчиликтер деӊгээлиндедипломатиялык мамилелерди түзгөнөлкө. Стратегиялык өнөктөш катары кыргыз-кытай мамилелеринин ырааттуу жана жандуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилей кетким келет.

Эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтардагы достук мамилелер, өз ара ишеним менен алгылыктуу аракеттер, өлкөлөр ортосундагы өз ара визит алмашуулардын кыйла жанданышы биздин элдердин кызыкчылыгы үчүн болгон кыргыз-кытай мамилелеринин ишенимдүү жана ыраатуу өнүгүшүнө негиз түздү.

Ошондой эле, биздин өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык мамилелердинмамлекеттер аралык пикир алышуулардын жигердүү өнүгүшүнө түрткү берип жатканы өтө кубанычтуу. Сизге чыӊ ден-соолук, узак өмүр, бакубат турмуш, ал эми коӊшу кытай элине тынчтык менен өсүп-өнүгүү каалайм».

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу