Cаясат

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
05/01 13:08
 

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу Президенттер куттуктоо телеграммалары менен алмашышты

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу Президенттер куттуктоо телеграммалары менен алмашышты

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Кытай Эл Республикасынын тёрагасы Си Цзиньпин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. Булл тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында Кыргызстан менен КЭР ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн чейрек кылым ичинде биргелешкен аракеттер менен активдүү саясий диалог, өз ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелер жана маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле коопсуздук жаатында натыйжалуу өз ара аракеттешүү жөнгө салынганы белгиленген.

«Эл аралык маанидеги көптөгөн олуттуу жана түйүндүү маселелер боюнча биздин позицияларыбыз бирдей жана жакын. Биз ошондой эле БУУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөр алкагында да жемиштүү кызматташабыз. 2013-жылдын сентябрь айында Сиздин Кыргыз Республикасына расмий визитиңиздин жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарылды. Бул биздин элдерибиздин ортосундагы кошуналык жана достук мамилелерге толук ылайык келет», - деп айтылат телеграммада.
Мамлекет башчысы кыргыз-кытай мамилелеринин бир нече миң жылдардан берки тарыхы кылымдар тереңине кетээрин өзгөчө баса белгиледи. «Эзелтен бери бизди Улуу жибек жолу байланыштырып турат. Байыркы замандарда негизделген биздин элдер ортосундагы достук жана кошуналык салттар азыркы кездеги кыргыз-кытай мамилелердин бекем пайдубалы болуп калды», - деп белгиленет телеграммада.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпиндин Кыргызстан менен Кытай ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл бөлүүсүн жогору баалай турганын белгиледи жана биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн бул кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү жана бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди. Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Председателине бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине – бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасында Кытай Өкмөтүнүн, кытай элинин жана өзүнүн атынан Президент Алмазбек Атамбаевге жана дос кыргыз элине чын жүрөктөн куттуктоолорун жана жакшы каалоолорун билдирген.

«Кытай жана Кыргызстан жакшы кошуна жана стратегиялык өнөктөш болуп саналат, эки эл ортосундагы достук мамилелердин узун тарыхы бар. Акыркы 25 жыл аралыгында кытай-кыргыз мамилелери интенсивдүү өнүгүп жатат. 2013-жылы эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк орногондон бери эки тараптуу мамилелер тездик менен өнүгүү нугуна түштү», - деп айтылат телеграммада. «Ортодогу саясий өз ара ишеним улам тереңдөөдө. “Бир алкак, бир жол” биргелешкен курулуш, энергетика, электркубаттуулугу, инфраструктура, айыл чарбасы, коопсуздук жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык ар тараптуу илгерилөөдө жана чоң жетишкендиктер жаралууда», - деп белгиленген телеграммада.

КЭР Председателинин айтымында, Кытай жана Кыргызстан эки өлкөнүн кызыкчылыктарына тийешелүү маселелерде бири бирин колдойт. БУУ, ШКУ жана башка көптараптуу түзүмдөрдүн алкагында жемиштүү кызматташат. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү менен Кытай жана Кыргызстан эки өлкөнүн кызыкчылыктарын ийгиликтүү коргоо менен чектелип калбастан, региондо тынчтыкты, туруктуулукту сактап, өнүгүүнү камсыз кылууга да бараандуу салым кошушту.

«Мен кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө чоң маани берем. Кытай тарап Кыргызстан тандаган өнүгүү жолун ар дайым кубаттайбыз, Кыргызстандын өз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, көз карандысыздыгын, коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин колдойбуз», - деп белгиленет телеграммада.
Ал эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары карай илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.

Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин Кытай жана Кыргызстан ортосундагы достуктун мындан ары да бекемделишин жана өнүгүшүн каалады. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, иштеги ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу