Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
31/12 22:00
 

Владимир Путин: «Өтүп бараткан жылы орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалды»

Бишкек, 31-декабрь /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Өтүп бараткан жылы орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди өнүктүрүү үчүн, Евразия мейкиндигинде өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүү үчүн көп иштер жасалды.

Россия менен Кыргызстандын достошкон элдеринин кызыкчылыктары жана Борбор Азия регионунда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди биргелешкен аракеттер менен мындан ары дагы бекемдей беребиз деп ишенем”,- деп белгиленет телеграммада.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу