31.12.2016, 21:55

Германиянын Федералдык Президенти менен Федералдык канцлери Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Бишкек, 31-декабрь /Кабар/. Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен Федералдык канцлер Ангела Меркел Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.