Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
31/12 21:51
 

Азербайжан Президенти Президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Бишкек, 31-декабрь /Кабар/. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кирип келген жаңы 2017-жыл менен Сизди чын ниетимден куттуктайм! 2017-жылы Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык жана салттуу достук байланыштар өнүгүп жана бекемдейт деп ишенем», - деп айтылат телеграммада.

Азербайжан Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык менен бакыбаттык каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу