Cаясат

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
31/12 21:49
 

Беларусь Президенти Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Бишкек, 31-декабрь /Кабар/. Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Жаңы, 2017-жыл менен чын дилимден куттуктоону кабыл алыңыз. Беларусь-кыргыз мамилелеринин жогорку динамикасын, биздин өлкөлөрдүн салттуу достук байланыштарын бекемдөөгө болгон эки тараптын ниетин канааттануу менен белгилейм», - деп айтылат телеграммада.

Беларусь Республикасынын Президенти өз ара ишенимге жана өнөктөштүккө негизделген мамлекеттер аралык диалогдун мындан аркы өнүгүшү Беларусь менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты арттырууга өбөлгө болоруна ишенерин билдирген.

Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт жана пландар менен саамалыктарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу