31.12.2016, 21:31

Түркмөнстан Президенти Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Бишкек, 31-декабрь /Кабар/.Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Келе жаткан 2017-жыл менен менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сизге ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик каалайм. Жаңы жыл Сиз үчүн жана бир тууган Кыргызстан эли үчүн тынчтыктын, бакубатчылыктын, прогресстин жана гүлдөп-өнүгүүнүн жылы болсун”,- деп айтылат Түркмөнстан Президентинин телеграммасында.