Cаясат

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/12 14:19
 

Конституциянын ЖК жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарына тиешелүү толуктоолору 2017-жылы 1-декабрдан баштап күчүнө кирет – Асель Кодуранова

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Конституциянын Жогорку Кеңеш жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарына тиешелүү толуктоолору 2017-жылы 1-декабрдан баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда конституциялык мыйзам, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асель Кодуранова (КСДП) билдирди.

Ал жалпысынан Конституцияга 26 толуктоо киргизилгенин, анын ичинен 21и 15-январда күчүнө кирерин билдирди.
“Дээрлик бардык мыйзамдарга президент тарабынан кол коюлду. 29-январда бул өзгөртүүлөр элге жарыяланат. Эскерте кетсек, 5 берене - анын ичинен экөө өкмөткө, үчөө Жогорку Кеңешке тиешелүү, 2017-жылы 1-декабрда күчүнө кирет, анткени бур нормаларга кошумча мыйзамдарды кабыл алуу зарыл”,-деди ал.

Өз кезегинде Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарымдуу өкүлү Анарбек Исмаилов сөз Башмыйзамдын фракциялардын көпчүлүк коалициядан чыгуусу тууралуу 70-беренсинин бөлүмдөрү тууралуу болуп жатканын кошумчалады.

“Бул берене боюнча мындай чечим депутаттардын 3/2 бөлүгүнүн макулдугун алуу менен гана кабыл алууга мүмкүн жана документке эл өкүлдөрү өздөрү кол коюшу керек. 72-берене депутаттык мандаттын премьер-министр жана вице-премьер-министр кызматтары менен бириктирүүгө байланыштуу. Андан кийин 75-берене ошол сыяктуу эле коалициянын тарашына байланыштуу. Ушундай болгон шартта, толуктоолорго ылайык, ЖК төрагасынын ыйгарым укуктары депутаттардын жөнөкөй эле добуш берүүсү менен колдоого алынат. Өкмөт тууралуу 81-беренеде премьер-министрдин республикалык бюджет жана салыктар тууралуу мыйзамдарына вето киргизүү бөлүмүнө ыйгарым укугун кеңейтүү тууралуу айтылат. 87-берене – бул министрлер кабинетинин башчысынын кадрдык ыйгарым укуктары жана өкмөт мүчөлөрү”,-деп түшүндүрдү ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу