28.12.2016, 14:51

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни айымдын Жаны жылдык куттуктоосу

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни айымдын Жаны жылдык куттуктоосу

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. АКШнын Кыргызстандагы Толук ыйгарымдуу элчиси Шейла Гуолтни айымдын Жаңы жылдык куттуктоосу:

Кыргыз Республикасындагы биздин досторубуз, кошуналарыбыз жана өнөктөштөрүбүзгө келе жаткан майрамыңыздардын көңүлдүү жана кубанычтуу өтүшүн каалап кетким келет. Бул үй-бүлөгө, досторго жана коомчулукка арналган жылдын маалы. АКШ элчилигинин америкалык кызматкерлеринин атынан Кыргыз Республикасында ар бир күнү көргөн кубаныч жылмаюулар, жылуу меймандостугуңар үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Бул ошондой эле өткөн күндөр жөнүндө ой жүгүртүүнүн убагы. Быйыл эки тараптуу шериктештигибиздин жыйырма беш жылдыгын белгилеп, биз өнөктөш жана дос катары жетишкендиктерибизди кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаландык. Басып өткөн жолубузду карап турганда да келечекке карай мындан да бекем өнөктөштүгүбүздү куруп жатабыз. Ушул жыл өтө каныккан жана жемиштүү жыл болду. Бул жылы Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттарынан келген бир катар жогорку даражалуу конокторду, анын ичинде саясий маселелер боюнча Мамлекеттик катчысынын орун басарын жана АКШ Конгрессинин чоң делегациясын тосуп алган.

Көптөгөн расмий байланыштардан тышкары, бул жыл эки өлкөбүздүн жеке адамдардын ортосундагы маданий алмашууларга да бай жыл болду. Америкалык музыка элчилерибиз кыргыз Ордо Сахна тобу менен бирге сахнага чыгып, эки маданияттын эң сонун байлыктарын чагылдырган күүлөрдү жаратканга кубанышты. Ошондой эле, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып аны колдогонубуз биз үчүн чоң сыймык болду. Биздин Вайоминг штатынан келген ковбойлорубуз үйлөрүнө Көк бөрүнүн чемпиондору болуп кайтып келбесе да, мен билем, алар кыргыз элинин жылуулугу, меймандостугу жана спорттук ышкыбоздугу менен таасирленип, кайра келүүгө ынтызар болуп кетишти.

Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүгүбүздүн жыйырма беш жылдыгын белгилөө мен үчүн, менин кызматкерлерим үчүн жана Америка үчүн абдан чоң сыймык. Ал эми кийинки жыйырма беш жылга жана андан кийинки жылдарга үмүттөрүбүз зор.
Чоң рахмат! Mайрамыңыздар кут болсун!
Жаңы жыл сиздерге чың ден соолук, бакыт жана өркүндөөнү алып келсин, биздин эки өлкөбүз үчүн уланган өнүгүүнүн жылы болсун.

Бишкек, 28-декабрь, 2016-жыл.