Cаясат

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/12 12:39
 

Жогорку Кеңеш Төрагасы учактын кыйрашына байлныштуу Россия парламентинин жетекчилерине көңүл айтты

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Россия Федерациясынын Федерация Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен Россия Федерациясынын Федерация Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенкого РФ Коргоо министрлигине таандык учактын Сочи шаарынын аймагында кырсыкка учурашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Көңүл айтуу текстин келтиребиз:
“Россия Федерациясынын Коргоо министрлигине таандык учактын Сочи шаарынын аймагында кырсыкка учурашынан улам көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым.
Биз орус элинин кайгысын жана орду толгус жоготуу азасыз теӊ бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан бул кайгылуу окуяда каза болгондордун туугандары менен жакындарына чын дилимден көӊүл айтам”.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу