Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/12 10:10
 

Кыргызстан ЕАЭБнын саммитинде Бажы кодексине кол койду

Кыргызстан  ЕАЭБнын саммитинде Бажы кодексине кол койду

Бишкек, 27- декабрь /Кабар/. Кыргызстан ЕАЭБнын Бажы кодексине кол койду, деп билдирди ЕЭКнын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынтыгы боюнча ЖМКларга маалымат берип жатып. Бул тууралуу РБКнын кабарчысы маалымдады.

Андан мурда Саркисян Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Биримдиктин Бажы кодексине жана сооданы өнүктүрүү боюнча билдирүүгө кол койбогондугун маалымдаган. Саркисян мындай билдирүүсүн саммиттин документтерине кол коюу жыйынтыгы аземинде айткан, азем маалымат борборунда өткөн .

Бирок кийинчерээк маалымат борборунда Коллегиянын төрагасы Бажы кодексине КР Президенти А.Атамбаев кол койгондугун жана 4 президент кол коюшкан документти алар Беларус кесиптештерине беришкенин билдирген.

Белорус Президенти Александр Лукашенко саммитке келген эмес. Буга чейин Россиянын Президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков маалымдагандай, Лукашенконун саммитке катышпай калышы интеграцияга байланыштуу маселелерди талкуулоого жолтоо болбойт. Маалымат катчы Дмитрий Песков кол коюу пландалган бардык документтер Беларус кесиптештери менен макулдашылганын жана алар Беларуссиянын Президентине кол коюу үчүн берилерин түшүндүргөн.

Бажы кодекси 16-ноябрда ЕАЭБнын 5 өлкөсүнүн премьерлери тарабынан макулдашылып жактырылган. ЕАЭБга Армения, Белоруссия, Россия, Казакстан жана Кыргызстан кирген.

Булак: РБК

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу