Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
26/12 16:24
 

БШК Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын ырастады. Бул тууралуу бүгүн Боршайкомдун жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Наржан Шайлдабекова билдирди.

Эскерте кетсек, 11-декабрда 22 шаарда, 380 ден ашык айыл аймактарда, анын ичинде Бишкекте шайлоо өттү. Шаардык кеңешке орунга 14 партия ат салышты.

Н.Шайлдабекованын айтымында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарып, шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын угузду. АШКнын маалыматы боюнча, шаардык кеңешке 5 партия өттү: КСДП, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана Кыргызстан.

Мандаттарды бөлүштүрүү төмөнкүдөй болот: КСДП – 25,8% - 13 мандат, “Республика – Ата-Журт” – 24,6% - 12 мандат, “Өнүгүү-Прогресс” – 15,5% - 8 мандат, “Мекеним Кыргызстан” – 13,2% - 7 мандат, “Кыргызстан” – 9,5% - 5 мандат.

Ошондой эле, ал БШК дыкат текшерүү жүргүзүүдө, эгер жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда мыйзам бузуулар тууралуу кандайдыр бир даттануу түшсө, анда ал тыкыр текшерилет деп белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу