26.12.2016, 15:27

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Санкт-Петербург шаарына учуп барды

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Санкт-Петербург шаарына учуп барды

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-декабрда жумушчу визит менен Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына учуп барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеӊешинин кезектеги сессиясына катышат.