Cаясат

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
26/12 15:24
 

Марс Сариев: “Мамлекет башчысынын Өзбекстанга иш сапары эки тараптуу мамлелер үчүн позитивдүү учур болду”

Марс Сариев: “Мамлекет башчысынын Өзбекстанга иш сапары эки тараптуу мамлелер үчүн позитивдүү учур болду”

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. “Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга иш сапары эки тараптуу мамилелердеги позитивдүү учур болуп саналат”,-деди саясат таануучу, “Далил+” клубунун эксперти Марс Сариев.

Саясат таануучу белгилегендей, Шавкат Мирзиеевдин мамлекет башына келиши менен жана Өзбекстандын президенти кызматына кирише электе эле Кыргызстан менен өз ара мамилелер жакшыра турганы тууралуу айтыла баштаган. “Буга чейин биз өзбек делегациясынын Кыргызстанга келгенин, андан кийин ага жооп катары биздин делегациянын Өзбекстанга барганын көргөнбүз. Ошондой эле, чек ара маселелери динамикалуу чечиле баштады”,-деди ал.

“Далил+” клубунун эксперти белгилегендей, бул Өзбекстандагы кыска мөөнөттүү жылуулук эмес, коңшу өлкө Кыргызстанга эле эмес, Тажикстан, Өзбекстан менен Казакстан коңшуларга карата саясатын өзгөртөт. “Мен азыркы учурда Өзбекстан чек аранын бардык периметринде достук мамилелерди бекемдөөгө ниеттенүүдө деп ойлойм”,-деп белгиледи саясат таануучу.

Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегине байланыштуу Марс Сариев чек ара маселелери чечиле баштайт деп эсептейт. “Айрым участкалар боюнча көйгөйлөр бар, аларды алмашуу керек, бул жергиликтүү жашоочулар менен байланышкан татаал маселе жана эң алгачкы тоскоолдук. Жергиликтүү тургундар чек ара маселесин чечүү үчүн эки тараптан бирдей чыгым болуш керек экенин түшүнүшпөйт. Ошондуктан, мен бул маселе мындан дагы динамикалуу болуусу керек деп ойлойм”,-дейт ал.

Камбар-Ата ГЭС жана Жогорку Нарын каскад ГЭСинде дагы жылыштар болушу мүмкүн деп эсептейт саясат таануучу. “И.Каримовдун президенттигинин тушунда Өзбекстанга сунушталган, бирок кыргыз тараптын сунушу кабыл алынган эмес. Өзбек тарапка мурдагыдай эле бул курулуштарга толук кандуу катышуу жана активдүү катышуучусу болуу сунушталат, ага ылайык суунун агымын жөнгө салуу – мунун бары Өзбекстандын колунда, аларда кургакчылык болбой турганына ишеним болот”,-деп белгиледи саясат таануучу.

М.Сариевдин пикиринде эң негизгиси коңшу облустар ортосундагы өз ара сооданы жакшыртуу, бул эки тараптын тең жашоо-шартын көтөрүүгө жол ачат. “Мисалы, “Кара-Суу” базары кайрадан пайда болот, ал эки өлкөнүн экономикасы өз таасирин тийгизет. Ш.Мирзиеев тарабынан машина куруу товарларынын кеңири спектри, андан тышкары айыл чарба семирткичтери дагы сунушталды, бул биз үчүн өтө маанилүү, аны биз мурда ала албай келгенбиз. Ошондой эле, темир жол маселеси көтөрүлдү, ал буга чейин дээрлик жабык болгон. Эгер темир жол иштесе, бизде Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Афганистан жана башка өлкөлөргө ыкчам чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болот. Бул дагы биздин өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет”,-деди Марс Сариев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу