Cаясат

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
26/12 14:22
 

Кыргызстан менен Өзбекстандын жаңы өз ара мамилелери эки мамлекетке бирдей пайда алып келет – Осмонбек Артыкбаев

Кыргызстан менен Өзбекстандын жаңы өз ара мамилелери эки мамлекетке бирдей пайда алып келет – Осмонбек Артыкбаев

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын жаңы өз ара мамилелери экономикалык, саясий жана гуманитардык жаатта эки өлкөгө бирдей пайда алып келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Самаркандга (Өзбекстан) барып, ӨРнын башчысы Шавкат Мирзиеев менен жолукту.

КР Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясий бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков ЖМКларга билдиргендей, А.Атамбаевдин Самаркандга болгон иш сапары эң жогорку деңгээлде болду.

“Мен алдыга озуп кетким калбейт, бирок биз позитивдүү деңгээлде бара жатабыз. Мамлекет башчысы бизге бир айдын ичинде иштелип бүтүүсү керек болгон тапшырмаларды берди. Аны аткаруу үчүн күнү-түнү иштейбиз. Бүгүнкү күндө тараптар биздин чек аранын жалпы аймагынын 70%га жакынын аныкташты. Мамлекет башчылары эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө ушул маселеге кайрлышып, январдын ортосуна чейин чек ара боюнча көйгөйлөрдү карап чыгууну тапшырышты. Делимитация жана демаркацияга жооп берген тармактык мамлекеттик органдар бул маселе менен кылдаттык менен иштешет. Мен январдын ортосуна чейин тараптар чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт деп ишенимдүү түрдө айта алам”,-деди ал.

Ошондой эле, С.Исаков өзбек тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан үч тараптуу темир жол тууралуу долбоорду колдоду деп кошумчалады.
О.Артыкбаевдин пикири боюнча, Кыргызстандын Президентинин Өзбекстанга иш сапары эки өлкө үчүн эле эмес, бүткүл аймак үчүн маанилүү болуп саналат.

“Эгер саясий көз караштан алып карасак, коопсуздук жаатында өз ара аракеттер маселесине кайрылсак болот. Анткени, бүгүнкү күндө тышкы тараптан – диний экстремизм тарабынан коркунучтар бар. ИГИЛ уюму Борбордук Азияга кызыгууда. Бул багытта бирдиктүү аракеттер планын иштеп чыгуу керек. Андан кийин экономика маселелери. Бул дагы биздин өлкөлөр үчүн маанилүү. Эки өлкөнүн ортосунда өз ара мамилелерди жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр бар. Келечекте товарларды жана адамдардын эркин кирип-чыгуусу үчүн тоскоолдуктар алынат деген үмүттөбүз. Бул чек ара райондорунун жашоочулары үчүн пайдалуу”,-деди эл өкүлү.

Ошондой эле, депутат делимитация жана демаркация маселеси коңшулаш эки өлкөнүн өз ара мамилелериндеги эң маанилүү учур болуп саналат деп кошумчалады.

“Бул талаш-тартыш жана чыр-чатактардын пайда болушуна себепчи болот, аны ички жана тышкы күчтөр колдонуп кетиши мүмкүн. Эки өлкөнүн лидерлеринин ушул маселеде тил табышканы маанилүү”,-деди О.Артыкбаев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу