Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
26/12 11:58
 

Эдил Осмонбетов: “ Борбордук Азия өлкөлөрү , өзгөчө Кыргызстан үчүн мамлекет кура албоо теориясы ишке ашпады”

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Эң кызыгы, Борбордук Азия өлкөлөрү, өзгөчө Кыргызстан үчүн мамлекет кура албоо теориясы же “failed states” ишке ашпады. Мындай пикирин саясат таануучу, эл аралык иштер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов басма сөздөр жазып жаткандай, Кыргызстан өз мамлекетин кура албайбы, деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Эксперт белгилегендей, мамлекет кура албоо теориясы же «failed states» 1990-2000-жылдары батыштын көптөгөн эксперттери, саясат таануучулары тарабынан көтөрүлүп чыккан, алтургай алар мындай мамлекеттердин тизмесин түзүшүп, таблицасын тартышып, атайын теоряларды иштеп чыгышкан.

“Алардын, андай мамлекеттер 2000-жылдары жок болот, анткени алар мамлекет кура алышпайт, алар квази-мамлекеттер болуп эсептелишет, ал мамлекеттердин ички туруктуу саясый структурасы жок, экономикасы начар деп бүтүм чыгарышканына карабай, ал мамлекеттер жашап келе жатышат”,-деп белгиледи саясат таануучу.

Анын айтымында, теория бул теория экендигин, ал эми жашоо-турмуш башканы көрсөтүп турганын тарых дадилдеп койду.
“Мамлекет болуп калыптануудагы 90-жылдардагы оор шарттарга, андан кийин 2005- жана 2010-жылдардагы 2 революцияга, кийинки катаал июнь окуяларына карабастан Кыргызстан бутуна тура алды. Бул Кыргыз мамлекетинде тарыхый да, геосаясый да ички серпилүү бар экенин, башкысы мындай маселелерди чече алууга жөндөмдүү экенибизди көрсөтүп турат. Дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө, айталы, Африкада, же Латын Америкасында биздегидей окуялар болсо, алар чачырап кетишмек”,-деп эсептейт эл аралык иштер боюнча эксперт.
Ал ошондой эле Кыргызстан өзүнүн геосаясый ыргагы менен кетип жатканын, бардык Борбордук Азиядагы мамлекеттерден айырмаланып турарын белгиледи.

“Ооба, бизде да татаалдыктар бар, бирок өзүнүн геосаясый жактан маанилүүлүгү менен башка өлкөлөрдүн ичинде өз орду бар. Эмне деп айтышпасын Борбордук Азияны Өзбекстансыз жана Кыргызстансыз элестете албайбыз. Себеби, Кыргызстандын өзүнүн геосаясый орду бар, башкысы, биздин мамлекет таптакыр башка, саясый жана геосаясй тарыхка ээ. Биз тынчтыктын моделин куруп жатабыз. Кыргызстан демократиялык процесске умтулуп жаткан эркин өлкө. Борбордук Азиянын бардык башка мамлекеттери бул жолду басып өтүшөт, Кыргызстан алар үчүн геосаясый модель болуп калат. Эгерде кыргыз-америкалык мамилелер ойдогудай өнүгө турган болсо биз Борбордук Азиянын жана Кавказдын бир нече өлкөлөрү үчүн өнүгүү модели боло алмакпыз”.-деп белгиледи эл аралык иштер боюнча эксперт.

Э.Осмонбетовдун пикири боюнча, дүйнөдө ички мамлекеттик структуралары, армиясы күчтүү өлкөлөр бар, аларда тоскоолдуксуз өнүгө беребиз деген стреотиптик көрүнүш калыптанып калган. Бирок алгачкы эле ички же тышкы коркунуч аларды бөлүп -жарып, масштабдуу көйгөйлөрдү жаратарын Сириядан улам билсе болот.

“Биз бул жагдайда күчтүүбүз, кыргыз элинде кыргыз мамлекети жашаш керек деген айныксыз түшүнүк бар”,-деди эксперт.
Эксперт ошондой эле өзүнүн 25 жылдык көз карандысыздык тарыхында Кыргызстан эгемендүү, эркин мамлекет катары жашоосун улантып келе жатканын, бул бир жагынан аз көрүнгөнү менен биздин чакан мамлекет үчүн андай деле аз мөөнөт эместигин белгиледи.
“Бизде башка маселе турат, өлкө заманбап болуп, модернизацияны, инновацияны колдонуп мындан ары да парламенттик республикага, демократияга карай өнүгүшү керек. Бирок дайыма өз кызыкчылыгын коргоп калышы зарыл”,-деди саясат таануучу.

Мындан тышкары, эксперт дүйнөдө өтө катаал, айтып болгус процесс жүрө турган болсо, дагы бир туруксуздуктун жаралышы эч кимге пайдасыз, анткени кайсы бир мамлекеттин кыйрашынын кесепети башка мамлекеттерге да тиет, деп эсептейт.

“Бардык чоң оюнчулар Кыргызстан туруктуу өлкө болушуна кызыкдар. Алар транзиттик туюктан чыгышыбызды, Евразия бардык дүйнөгө ачылышын, өлкөдө экономикалык өнүгүү болушун каалашат. Ырас, бул алардын андай деле жандүйнөсүнүн каалоосу эместир, бул дүйнө бири-бирине көз карандылыктан, дүйнө бири-бири менен байланыштуу болгондуктан улам келип чыгууда. Дүйнөдө кыргыздардан көп бир нече элдер бар, бирок өлкөсү жок, алар өз мамлекети болушун эңсешип, ошого умтулуп келишет. Биздин мамлекетибиз бар, андыктан мамлекетибизди баалап-барктап, өнүктүрүшүбүз керек, тетирилене бербей, позитивди издешибиз керек”,-деп сөзүн жыйынтыктыды Эдил Осмонбетов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу