Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
24/12 21:32
 

Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрү болду

 Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрү болду

Бишкек, 24-декабрь /Кабар/. Өзбекстан Республикасына жумушчу визитинин алкагында бүгүн, 24-декабрда Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Өзбекстан Президенти Президент Алмазбек Атамбаев менен жылуу маанайда көрүштү. Ал соңку үч айда Кыргызстандын делегациясы Өзбекстанга барганын жана Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү да Кыргызстанда болуп кайтканын белгиледи.

«Бүгүн биз Өзбекстандын биринчи Президентин эскердик. Ислам Абдуганиевич сиз менен акыркы жолу кандай сүйлөшкөнү тууралу айткан. Ал сентябрда сөз жок Бишкекке барабыз, ошого даярдануу керек деген эле. Анын айтканын биз аткарууга тийишпиз. Бул үч айда сиздердин делегация бизге, биздикилер сиздерге барып, эки эл ортосунда абдан жакшы нерселер болду. Эки жак тең көпкө ушуну күткөн», - деген Президент Шавкат Мирзиёев эми мамлекет башчылары мамилелерди дагы арттырышы керектигин белгиледи.

Шавкат Мирзиёевдин оюнча, эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык чөйрөдө көп жалпылыктар бар. «Биргелешкен аракет менен биз соода-экономикалык мамилелерди, товар жүгүртүүнү арттыра алабыз», - деди Өзбекстан Президенти.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев визит менен келүүгө чакырганы үчүн Өзбекстан Президентине ыраазылыгын жолдоду. «Дээрлик 5 жыл биз Ислам Абдуганиевичменен иштедик. Ташкенттеги июнь жолугушуусунда урматтуу Ислам Абдуганиевич ушундан тарта бардык маселелерди жыйыштырып, сентябрда Бишкекке КМШ саммитине келүүгө убада берген. Тилекке каршы, Жараткандын колунда экенбиз. Бүгүн биз мүрзөсүнө куран түшүрдүк. Жаткан жери жайлуу болсун», - деди Президент.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, ар бир лидердин өз доору бар. «Ислам Абдуганиевичтин эмгеги зор, ал Өзбекстанды чыныгы көз карандысыз кыла алды. Биз анын 2010-жылдагы эмгегин унутпайбыз, ошондо Ислам Абдуганиевичтин сабырдуулугу аркасында чагымчыл кагылышты токтотуу мүмкүн болгон. 2010-жылы июнда мен сиз менен күнүнө бир канча жолу сүйлөшкөнүбүз эсимде. Ошол кездеги жардамыңыз үчүн мен сизге ыраазымын», - деп билдирди ал.

Мамлекет башчысы Президенттик кызматка шайланышы менен Шавкат Мирзиёевди дагы бир жолу куттуктады.

Анын оюнча, ар бир доордун өз лидери болот. «Сиз Өзбекстан эли күткөн ошол лидерсиз. Көз карандысыздык үчүн күрөштүн убагы бүттү, эми экономикага, мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап, чектөөлөр менен маанисиз тоскоолдуктарды алуу керек», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле эки элдин илгери жалпы мамлекети - Кокон хандыгы болгонун, элдер ортосундагы чек ара жок болгонун эске салды. «Адамдар чек араларды сезбеши үчүн биз баарын жасашыбыз керек», - деди ал.

Президент бүгүнкү жолугушууну жакшы белги деп атады, анткени 20 жыл илгери дал ушул күнү Ташкентте Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюлган.

«Юбилей күнү биз жаңы баракты ачып жатабыз», - деп сөзүн корутундулаган Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Президентинин Кыргызстанга расмий визитин чын ыкластан күтөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу