Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/12 14:41
 

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Өзбекстанга учуп кетти

Бишкек, 24-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда жумушчу визит менен Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Визиттин жүрүшүндө Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коёт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат. Эки өлкө лидерлери эки тараптуу мамилелердин өнүгүү маселелерин талкуулап, эл аралык жана региондук күн тартибинин маанилүү маселелери боюнча пикир алышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу