Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/12 17:11
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Иран Президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-декабрда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Сиздин Кыргызстанга жасаган сапарыңыз эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо маанилүү окуя болуп саналат. Сиздин сапарыңыздын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусундагы Бизнес-форумдун актуалдуулугун жана өз учурунда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Форум – ишкер коомчулуктардын ортосундагы байланышты жана өз ара ишенимди бекемдөөгө, жаңы ишкердик чөйрөлөрдү жана кызматташуунун жаңы ыкмаларын табууга, эки тарапка тең пайдалуу макулдашууларды түзүүгө жол ачат. Кыргыз Өкмөтү өз кезегинде Сиздин Бишкекке сапарыңыздын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен саламдашууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан Иран менен достук мамилени чыңдоо үчүн чыгууда жана ага приоритеттүү маани берет.
«Биздин саясат дайыма жакын мамлекеттер менен коңшулук мамилени бекемдөө багытында болуп келе жатат. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Иран Ислам Республикасына болгон иш сапары эки тараптын кызматташтыгынын мындан ары өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ болду», деп билдирген Иран Президенти Хасан Роухани Иран Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Тараптар Кыргызстан өз-ара аракеттешүүнүн маанилүү бөлүгү жана аянты катары санаган кыргыз-иран соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн талкуулашты. Өзгөчө транспорттук коммуникация, кайра иштетүү өнөр-жай, айыл чарба, энергетика, илим, заманбап технология, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкка токтолгон Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы өз ара карым-катнаш мамилелер кыргыз-иран байланыштарын өнүктүрүүдө дем берүүчү маанилүү фактор болуп саналарын баса белгиледи.
Өкмөт башчы Ирандын спорттук делегациясынын Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган иш чара элдерди жакындаштырууга, жылуу мамилилелерди өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы өз ара мамилелерди бекемдөөгө кызмат кыларын белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Иран Президентинин Кыргызстанга жасаган расмий сапары өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу жана ар тараптуу мамилелерди бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө аларды келечекте ишке ашырууда маанилүү окуя болуп саналарын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу