Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/12 13:21
 

КР жана Иран “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран” темир жолун курууга кызыкдар экенин билдирди – А.Атамбаев

 КР жана Иран “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран” темир жолун курууга кызыкдар экенин билдирди – А.Атамбаев

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран” темир жолун курууга бирдиктүү кызыкчылык айтылды. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Кыргызстандын Президенти бул анын 24-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапары учурунда көтөрө турган маселелердин бири экенин белгиледи.

Ал арада Ирандын Президенти Х.Роухани бул идеяны колдой турганын билдирди. “Бул эки өлкөнүн жана жалпы эле аймактын кызыкчылыгында өтө маанилүү экенине ынандык, ал маданий жана саясий аспектилерге таасир этет. Ошондой эле, көтөрүлгөн идея Персид булуңуна жана Инди океанына чыгууга жол ачат”,-деди ал.

Муну менен катар Ирандын Президенти Кыргызстанда ГЭС, платин, жолдордун курулушуна, андан тышкары фармацефтика жана заманбап технологиялар жаатында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу