Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/12 12:43
 

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда 2026-жылга чейин кызматташтык программасы кабыл алынды

 Кыргызстан менен Ирандын ортосунда 2026-жылга чейин кызматташтык программасы кабыл алынды

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Кыргызстан менен Ирандын ортосунда 2026-жылга чейин кызматташтык программасы кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген Ирандын Президенти Хасан Роухани менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Алмазбек Атамбаев белгилегендей, аталган программа эки өлкөнүн өз ара аракеттерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жол ачат.

“Жолугушуунун маанилүү жыйынтыгы эки тараптуу мамилелерди активдештирүү чечими болду, биринчи кезекте экономика жаатындагы кызматташтык, бул үчүн визасыз режим киргизүү керек. Тышкы иштер министрлигине биздин өлкөлөрдүн ишкерлери жана туристтери үчүн визасыз режимди жеңилдетүү боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле, ЕАЭБге мүчөлүк кылуу товарларды салыксыз экспорттоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Кыргызстан ВСП+ жеңилдиктерине ээ, бул Европага товарларды салыксыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү. Ошондуктан экономиканын ар түрдүү чөйрөсүндө бирдиктүү ишканаларды түзүү керек. Ошондой эле, биз логистиканы өнүктүрүүгө шарт түзөбүз. Бул жерде Бишкек менен Тегерандын ортосунда түз аба каттамын ачуу маанилүү болот. Визасыз режим боюнча маселе канчалык эрте чечилсе, түз аба каттамы ошончолук эрте ачылат”,-деди ал.

Мындан тышкары, А.Атамбаев тараптар экстремизм жана радикализм коркунучунда өз ара аракеттер боюнча кызматташтыкты жакшыртууга макулдашышканын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу