21.12.2016, 13:05

Кыргызстанга 22-декабрда расмий сапар менен Ирандын президенти Хасан Рухани келет

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Кыргызстанга 22-23-декабрда Ирандын президенти Хасан Рухани келет. Бул тууралуу брифингде ТИМдин 4-саясый департаментинин директору Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, Хасан Руханинин Кыргызстанга сапары Президент А.Атамбаевдин 2015-жылы Иранга барган учурундагы чакыруусунун чегинде ишке ашмакчы.
Сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык өнүгүү, коопсуздук, маданий-илимий маселелер талкууланат. Ошону менен бирге бизнес-форум өтүп, анда эки өлкөнүн ишкерлери өздөрүнүн ишмердиктери тууралуу ой бөлүшөт. Ошондой эле ирандык инвесторлор үчүн Кыргызстандын долбоорлору көрсөтүлөт, атап айтканда, кен иштетүү, айыл чарба тармактары боюнча долбоорлордун бетачары болот.
Сапардын жүрүшүндө Ирандын президенти Хасан Рухани КР Президенти А.Атамбаев жана КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

“2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү кызматташтыктын программалары каралат. Ошондой эле баңги затына каршы күрөшүү, соцөнүгүү, саламаттыкты сактоо, медицина, коммуникация, байланыш, эки өлкөнүн маданий мурастарынын 3 жылдык программасы, ИИМдер ортосунда мамиле жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери боюнча меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө”-деп кошумчалады Ж.Кулубаев.