Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/12 16:59
 

Нарендра Моди: “А.Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдө биз эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө жана жалпы артыкчылыктуу көптөгөн маселелерге көңүл бурдук”

Нью-Дели, 20-декабрь /Кабар/. "Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө жана жалпы артыкчылыктуу көптөгөн маселелерге көңүл бурдук”,-деди бүгүн журналисттер менен жолугушууда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.

"Президент А.Атамбаев экөөбүз бардык тармактар боюнча кеңири маселелерди талкуулоого жетиштик. Эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө көңүл бурдук.
Терроризма, экстремизма жана радикализм чакырыктарынан жаштарыбызды, коомчулукту коргоп калуу үчүн кантип биргелешип иштөө керектигин талкууладык. Биз Кыргызстанды Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда биздин баалуу өнөктөшүбүз деп эсептейбиз”,-деди премьер-министр.

Н.Моди ШКУ жогору аталган маселелерди чечүүдө эң сонун аянтча болорун белгиледи.

“Биз ошондой эле коргонуу жаатында биргелешкен кызматташтыкты да карадык”-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу