Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/12 13:16
 

ШКУга мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Индиянын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол коюлду

Бишкек, 17-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамды КР Жогорку Кеңеши 2016-жылы 14-декабрда кабыл алган.

Меморандум ал күчүнө киришине зарыл ички мамлекеттик жоболор ШКУга мүчө мамлекеттер жана Иния Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралу кат жүзүндөгү акыркы кабар ШКУнун Секретариаты алгандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Меморандумда Индиянын укуктары менен милдеттенмелери, үлүш салымынын проценти каралган. ШКУда Кыргыз Республикасынын үлүш салымынын көбөйүшү каралбайт.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу