Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 17:36
 

Чыныбай Турсунбеков: "Биз Иран инвесторлорун жана туристтерин тартууга кызыкдарбыз”

 Чыныбай Турсунбеков: "Биз Иран инвесторлорун жана туристтерин тартууга кызыкдарбыз”

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы маселелерди талкуулап, парламенттер аралык байланыштын келечеги тууралуу пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Али Моджтаба Рузбеханини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. "Иран менен болгон байланыш биз үчүн келечектүү мааниге ээ. Биздин мамлекеттер ортосунда эки жактуу кызматташуу алкагындай эле көп жактуу форматтарда дагы эч кандай карама-каршылыктар жок. Биз "Ирандын ядролук программасынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш-аракеттердин жалпы планынын" кабыл алынышын жана анын иш жүзүнө ашырыла башташын туура эле кабыл алдык. Санкциялардын алынышы Ирандын экономикасына гана жагымдуу шарт түзбөстөн, Кыргызстан баштаган башка өлкөлөргө да жакшы таасирин тийгизерине ишенем", - дейт ал.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмү талаптагыдай болбой жатканын өкүнүү менен белгилеп, маектешин соода-экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүүгө чакырды.
Өз кезегинде Али Моджтаба Рузбехани Чыныбай Турсунбековду жана жалпы кыргыз элин Конституциялык түзөтүүлөргө байланыштуу уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, чынында эле Кыргызстан аймактагы демократиялык республика катары таанылганын баса белгиледи.

Андан тышкары, элчи да Жогорку Кеңештин Төрагасынын пикирин колдоп, соода-экономикалык алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолду. Анын айтымында, виза режиминин алынышы менен түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун жана Кыргызстанга келген ирандык туристтердин көбөйүшүн шарттайт.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Иран менен визалык режимдин алынышы дыкат иликтөөнү талап кыларын белгиледи. "Биз Иран инвесторлорун жана туристтерин тартууга кызыкдарбыз. Андыктан, толук кандуу кызматташтыкка жолтоо болгон ортодогу тоскоолдуктарды жоюу үчүн биргелешип иштешүүбүз зарыл", - дейт Төрага Чыныбай Турсунбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу