Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 13:06
 

Акыркы референдум мурдагылардан айырмаланып ачык-айкын өттү – Токон Мамытов

 Акыркы референдум мурдагылардан айырмаланып ачык-айкын өттү – Токон Мамытов

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Кечээ, 11-декабрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум мурдагылардан айырмаланып таза жана ачык-айкын өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Референдумду колдойм” тобунун мүчөсү, коомдук ишмер Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, парламент өткөн жылдардан тажрыйба алып, анализдеп босогону 30% кылды.

“Биринчи жана экинчи президенттердин учурунда шайлоо же референдум өткөргөндө оппозиция дайыма элдин шайлоого чыныгы келиши 30-40%ды түздү деп айтып чыгышчу. Андан кийин эгер эсиңиздерде болсо, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого элдин келиши 36%ды түзгөн. Башкача айтканда бул чыныгы цифралар жана таза шайлоонун көрсөткүчү”,-деди ал.

Ошондой эле, Т.Мамытов Кыргызстанда “макул”, “каршы” топтор бар болчу, айрымдары 1993-жылдагы Конституцияга кайтып келүүнү сунушташкан деп билдирди.

“Бирок, эл акыркы чекитти койду. Добуш бергендердин 80%ы референдумду колдогону Кыргызстандын келечегин, туруктуулукту жана модернизациялоону колдонун айтып турат”,-деп кошумчалады эксперт.
Муну менен катар Т.Мамытов жергиликтүү кеңештерге шайлоодо абал мурдагыдай эле болгонун айтты.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өттү. Болжолдуу маалыматтар боюнча, референдумга келгендер 40%ды, ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоого келгендер 42%ды түздү. Бүткүл элдик добуш берүү өттү деп эсептелинди, шайлоого катышкандардын 79%ы “макул” деп добуш беришти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу