Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 12:41
 

ШКУ байкоочулар миссиясы: “Референдум КРнын конституциялык мыйзамына жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өттү”

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум КРнын референдум тууралуу конституциялык мыйзамына жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өттү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Ван Кайвэнь билдирди.

“Мен референдум ачык жана демократиялык мүнөздө өткөнүн белгилегим келет. Миссия тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар белгиленген жок. Добуш берүү процесси тынч жана демократиялык жагдайда өттү. Анын үстүнө биз айрым добуш берүү тилкелеринде көп эмес кезектерди көрүп жаттык, бул жарандардын добуш берүүгө өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруу үчүн келгенинен кабар берет. Биз эч кандай басымды байкаган жокпуз”,-деди Ван Кайвэнь.

Жыйынтыгында ШКУ байкоочулар миссиясы таза шайлоо өткөргөнү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу