Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 11:44
 

ТИМ башчысы А.Атамбаевге өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарын айтып берди

ТИМ башчысы А.Атамбаевге өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарын айтып берди

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына мекеменин азыркы иштери жана Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыттарын мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берилди.

Эрлан Абдылдаев жакында Германияда өткөн ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуусу жөнүндө айтып берди. Ал жыйында Кыргызстан менен ЕККУ ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды. Андан тышкары, делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуулар менен сүйлөшүүлөр алкагында Кыргызстандын чет жердик өнөктөр, анын ичинде Европа биримдиги менен мындан аркы кызматташтыктын приоритеттери каралды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу шартында керек өнөктөр менен теӊ укуктуу мамилелерибизди ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн тышкы саясатын ишке ашыруу боюнча иш чаралар комплексин жандантуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы чет жерлердеги кыргызстандыктардын укуктарын коргоо маселелерине министрдин көӊүлүн бурду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу