Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 14:30
 

Нуржан Шайлдабекова: “Эл аралык байкоочулар Кыргызстандын референдум өткөрүүгө даярдыгын жогору баалашты”

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Эл аралык байкоочулар Кыргызстандын Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө даярдыгын жогору баалашты. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өтүп жаткан шайлоолор эл аралык уюмдарга өтө кызыктуу.

“Кечээ биз эл аралык уюмдар үчүн бет ачар жасадык, алар биздин шайлоо системасы жаатындагы жылыштарыбызды жогору баалашты. Шайлоонун жүрүшүнө дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген 200 байкоочу көз салат. Тилекке каршы ЖККУдан байкоочулар келе алышкан жок. Алар бүгүн башка бир катар өлкөлөрдө шайлоо өтүп жатканына байланыштуу кызматкерлердин жетишсиздигине жана каражаттын чектелүүлүгүнө байланыштуу биздин шайлоого катыша албай турганын айтышты”,-деди Н.Шайлдабекова.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу