Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 17:06
 

Олег Панкратов Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюм програмасынын Евразиялык жумалыгына катышты

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформалардын жүрүшүнүн финалдык обзоруна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жетишилген жыйынтыктарды талкуулоо, кечээ Париж шаарында Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун программасынын Евразиялык жумалыгынын алкагында өттү.

Аталган обзор алкагында Кыргыз Республикасында кичи жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформалардын жыйынтыктары каралды.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформалар экономикалык саясаттын үч артыкчылыктуу багыттарына тийиштүү болуп, алар 2013-жылы аталган уюм менен биргеликте тандалып алынган.

«Кеп кичи жана орто ишканалар үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгү, адам капиталын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана экспортту колдоого алуу тууралуу жүрүүдө. Мында өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу жана биздин өлкөнүн Жалы жеңилдиктер тутуму макамын алуусу шартында атамекендик бизнести колдоо маселесине бурулган, бул Европалык биримдикке мүчө-өлкөлөр менен соода кылууда чоң жеңилдиктерди берет», – деп маалымдады ал.

Сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун программасы алкагында теңтөрага катары чыгууга даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирди. Белгилесек, мурда акыркы 3 жыл аралыгында Казакстан Республикасы теңтөрага катары чыгып келген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу