Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 16:46
 

Депутат Музаффар Исаков: «Түрк өлкөлөрүнүн кызматташтык мамилелери жаңы деңгээлге чыгарууга муктаж»

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Баку шаарында ТүркПАга мүчө-өлкөлөрдүн кызмтатташтыгынын 25 жылдыгына арналган «ТүркПА өлкөлөрү соңку 25 жылда» темасында конференция уюштурулду. Иш-чарада кызматташтыктын курулушу, жетишкендиктери жана келечектеги тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Айрыкча, Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков ааламдашуу алкагында түрк өлкөлөрүнүн кызматташтык мамилелери жаңы деңгээлге чыгарууга муктаждыгын жана ТүркПА бул иш-аракеттерди интститутциалаштырууда маанилүү ролго ээ экендигин белгиледи.

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Айжигит Буранов өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтык алакалар жыл өткөн сайын бекемделип баратканын белгилеп, өнөктөштүктүн дагы да чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигине көңүл бурду.

Конференцияда Жогорку Кенештин депутаты Музаффар Исаков, Азербайжан Милли Межлисинин депутаттары Садагат Валиева менен Низами Жафаров, Казакстан Парламентинин Мажлисинин депутаты Алия Сапарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Фейзуллах Кыйыклык, ошондой эле ТүркПА уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн элчилери катышып, иш-чарага Милли Межлистин депутаты Ахлиман Амирасланов төрагалык кылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу