Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 16:33
 

Париж шаарында кыргыз-француз кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов жана Франция Сенатынын «Франция–Кыргызстан» Достук тобунун төрагасы Ив Поццо Ди Борго кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Жолугушуу кечээ, Париж шаарында вице-премьер-министр Олег Панкратов жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын Францияга болгон сапарынын учурунда орун алды. Делегация Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун программасынын Евразиялык жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформалардын жүрүшүнүн финалдык обзоруна катышты.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялык абалды жакшыртууга, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу режимдүү түзүүгө, кыргыз экономикасынын стратегиялык тармактарына инвестиция тартууга багытталган реформалары тууралуу айтып берди.

«Кыргызстан Франция менен соода, инновациялык технологиялар, айыл чарбасы, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм багыттары боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз-ара аракеттешүүчү көптөгөн тармактар бар экендигине ишенем», — деди ал.

Жолугушуунун соңунда 2017-жылдын биринчи жарымында Франция Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча конференция уюштуруу тууралуу келишимге кол коюлду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу