Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 16:29
 

ТүркПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын экинчи жыйныны өттү

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Жогорку Кенештин депутаты Музаффар Исаков менен Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Айжигит Буранов Баку шаарында өткөн Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын экинчи жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйын дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө, анын себептери жана кесепеттери маселесине арналып, бул чөйрөдө аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу ар тараптуу талкууларга жемиштүү болду. Иш чаранын натыйжасында жактырылган сунуштамада мүчө өлкөлөрдө климаттык өзгөрүүгө каршы күрөш маданиятын калыптандыруу зарылдыгы айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат М.Исаков комиссиянын катышуучуларына Кыргызстандагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аткарылган иштери туралуу учкай маалымат берди. Айрыкча, «Таза суу» долбоору, экологиялык жактан таза азык-түлүктөр жана суугат жерлерди рационалдуу колдонуу боюнча долбоорлордун ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ал Кыргызстандын бул жаатында кызмтатташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин маалымдалды.

Иш-чарага, кыргыз делегациясынан тышкары, Азербайжан Милли Межлисинин депутаттары Садагат Валиева менен Мухтар Бабаев, Казакстан Парламентинин Мажлисинин депутаты Алия Сапарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Фейзуллах Кыйыклык, Азербайжандын экология жана табигый ресурстар министринин орун басары Фирдовси Алиев катышып, Милли Межлистин депутаты Ахлиман Амирасланов төрагалык кылды.

Комиссиянын кезектеги жыйыны 2017-жылы Казакстандын Астана шаарында өтмөкчү болду. Ал жыйын «Экспо-2017» Эл аралык көргөзмөнүн темасынын алкагында алтернативдик энергияга арналмакчы.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу