Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
31/10 13:30
 

Гүлкайыр Балбаева: “ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин саммитинде 10го жакын документтерге кол коюлат”

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Бишкекте 3-ноябрда өтө турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин саммитинде 10го жакын документтерге кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР ТИМдин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары, ШКУдагы Кыргызстандын улуттук координатору Гүлкайыр Балбаева билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү документтерге кол коюлат:
-ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешининин чечими;

- ШКУга мүчө өлкөлөрдүн көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгынын Программаларын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу ШКУнын Секретариатынын отчету;

-ШКУнун 2015-жылга бюджетин колдонуу боюнча ШКУнун каржылык отчету;

-2017-жылга ШКУнун бюджети;

-ШКУнун туруктуу иштөөчү органдарынын каржы-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы аудиторлорунун Комиссиясынын доклады.;

-“2017-2021-жылдарга ШКУ алкагында долбоордук иштерди мындан ары өкүктүрүү боюнча иш-чаралардын тизмеси;

-ШКУнун илимий-техникалык өнөкөштүгүнүн Концепциясы;

-2017-2020-жылдарга илимий-техникалык кызматташтык жаатында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Келишимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;

- ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин саммитинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен Коммюнике.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу