Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
24/10 13:41
 

Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын делегациясы келет

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. 2016-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынын делегациясы келет. Сапардын негизги максаты – өз-ара достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөө.Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 1-октябрында өзбек тараптын чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусуна барып, кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышкан.

Өзбекстандын делегациясынын Кыргызстанга жооп сапары коншу өлкө менен чектеш Ош облусуна жасалат. Сапардын жүрүшүндө делегация Ош шаарынын борбордук аянтында өтүүчү маданий-майрамдык иш чарага катышып, Кыргызстан элдеринин Ассамблея өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле конокторго Бабур атындагы драма театрында «Манастын уулу Семетей» аталышындагы театрлаштырылган программа тартууланат.
Мындан тышкары өзбек делегациясы Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулган айыл чарба продукцияларынын жарманкесине күбө болуп, Ош Мамлекеттик Университетинин «Ак буура» кампусу менен таанышып, медицина факультетинин студенттери менен жолугушат. Сапардын алкагында делегация өкүлдөрү «Сулайман-Тоо» тарыхый-этнографиялык комплексине да барат.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын делегацияларынын эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында документтерге кол коюлат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу