Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
24/10 12:35
 

Ноябрда Кыргызстанга КЭР мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян келет

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. 2016-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланышы пландаштырылууда жана бир катар документтерге кол коюлат.

2016-жылдын 3-ноябрында ШКУ мамлекеттери ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана бекемдөөгө арналган маселелерин кеңири талкуулаган Шанхай кызматташтык уюмунун курамына кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ШКУга кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу