Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
21/10 10:02
 

АКШнын мамкатчысынын орун басары 24-29-октябрда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга келет

 АКШнын мамкатчысынын орун басары 24-29-октябрда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга келет

Бишкек, 21-октябрь /Кабар/. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон 24-29-октябрда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга келет. Бул тууралуу бейшембиде мамлекеттик департаментте билдирди.

Бул Шэннондун Борбордук Азияга алгачкы иш сапары болуп калмакчы. Жогорку даражалуу америкалык дипломат борбордуказия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилеп, “С5+1” тобунун линиясы боюнча байланышты улантат, аталган топко Борбордук Азиянын мурдагы советтик 5 республикасы (Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыган) кирет.

Шэннондун иш сапарынын программасында – өкмөттөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушуусу каралган, мамдепартаментте алардын аттары аталган жок. Өзбекстанда Шэннон борбор калаа Ташкентке эле эмес, өлкөнүн мурдагы Президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө зыярат кылуу үчүн Самаркандга дагы барат.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу