Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/10 16:39
 

Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев Борбор Азия жана Кытайдын IV кызматташуу форумуна катышууда

 Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев Борбор Азия жана Кытайдын IV кызматташуу форумуна катышууда

Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 19-октябрда КЭР Сычуань провинциясындагы Чэнду шаарында «Жибек жолундагы биргелешкен кызматташуунун жаңы моделдери жана көп тармактуу кызматташуу үчүн жаңы платформаларды ачуу» атылышындагы Борбордук Азия менен Кытай Эл Республикасынын IV кызматташуу форумуна катышууда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

КЭР элдик консультативдик кеңештин төрагасынын орун басары Ма Пенхуа форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылды.
«Кытай Өкмөтү Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөнүн үстүнөн тынымсыз иш алып барууда. Өнөктүк мамилелерди бекемдеш үчүн, өлкөлөр ортосунда саясий кызматташуу жогорку деңгээлде болушу керек. Кытай мындай достук жана чындык принциптерди кармануу менен Борбор Азия аймагындагы бардык мамлектетер менен бекем мамиле түзүүнү көздөйт. Мындан сырткары биз БУУ ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдар менен байланышты күчөтүп жатабыз. Биз доспуз жана ишенимдүү өнөктөшпүз», – деди Ма Пенхуа.

Өз кезегинде Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев аталган форум байланышты өнүктүрүүгө жана жемиштүү алаканы бекемдөөгө жакшы аянтча болорун белгиледи.

«Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы жана аймактагы өлкөлөр менен өнүгүүнү бекемдөөгө чоң маани берет. Биз соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта кызматташууну арттырууга кызыкдарбыз», – деди биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу